Эми автоунаалар ОСАГО келишими жок кайра катталбайт
RU

Эми автоунаалар ОСАГО келишими жок кайра катталбайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Автотранспорттарды кайра каттоодо милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө келишим (ОСАГО) талап кылынат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин №464 токтомунда көрсөтүлөт.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндөн кийин күчүнө кирет.

ОСАГО алуу транспорт ээлеринин жол кырсыгынан тарткан чыгымдарын жаап берет. Анын ичинде унааны оңдоого же үчүнчү тараптыкын калыбына келтирүүгө чамасы жетпеген жарандарды социалдык жактан коргоону камсыздайт. Унааны милдеттүү камсыздандыруунун баштапкы баасы жылына 1680 сомду түзөт.

ОСАГО - автоунаа ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандыруу. Бийлик автоунаасын камсыздандырбаган айдоочуларга мурда айып салууну пландап, бирок бир канча жолу жылдырылды. Учурда айып салуу 2025-жылга чейин узартылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16994