ОСАГО полиси жок жеке жактарга айып салуу башка мөөнөткө жылдырылды
RU

ОСАГО полиси жок жеке жактарга айып салуу башка мөөнөткө жылдырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда ОСАГО полисинин жоктугу үчүн жеке жактарга айыптык санкцияларды киргизүү мөөнөтү 2025-жылдын 1-январына жылдырылды. Бул туурасында Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматында айтылат.

Колдонуудагы мыйзамдар боюнча, 2024-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каттоодон өткөн транспорт каражаттарынын ээлери жана (же) айдоочулары үчүн ОСАГО полисин сатып алуу, аны жеке каражаттарына сатып алуу зарыл болмок.

Бирок тамак-ашка, коммуналдык кызматтарга жана жашоо үчүн зарыл болгон башка нерселерге баалардын өсүшүнүн дүйнөлүк тенденциясына байланыштуу Министрлер кабинети республиканын калкынын жыргалчылыгы үчүн автотранспорттордун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун мөөнөттөрүн жылдыруу жөнүндө чечим кабыл алды.

Ошондой эле мындай аракет камсыздандыруу рыногуна 2025-жылдын башында масштабдуу OСAГO өткөрүүгө жакшырак жана кылдат даярданууга мүмкүнчүлүк берет дешет ведомстводон.

Белгилесек, Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 24-мартындагы №165 токтомуна ылайык, төмөнкү категориялар үчүн ОСАГОнун жоктугу үчүн айып каралган:

  • башка мамлекеттерде катталган транспорт каражаттарынын ээлери жана (же) айдоочулары үчүн – 2023-жылдын 1-апрелинен тартып;
  • юридикалык жактардын, анын ичинде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менчигинде же карамагындагы автотранспорт каражаттары үчүн – 2023-жылдын 1-апрелинен тартып;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган транспорт каражаттарынын ээлери жана (же) айдоочулары үчүн – 2024-жылдын 1-январынан тартып.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15157