Садыр Жапаровдун иниси камактан бошотулду
RU

Садыр Жапаровдун иниси камактан бошотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаровдун буга чейин камалган аталаш иниси Улан Жапаров үй камагына чыкты. Бул тууралуу маалыматты редакцияга Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, сот 24-августта УКМКнын Тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырып, Улан Жапаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүү чечимин кабыл алган.

"У.Р.га карата мурда колдонулган баш коргоо чарасы 19-сентябрга чейин үй камагына алмаштырылып, камактан бошотулду", - дешет соттон.

Эске салсак, президенттин тууганы облустардын биринин башчысы кызматына дайындоо үчүн 100 миң доллардан ашык сыйлык алып, бирок ал убадасын аткарган эмес. Ал "Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык" беренеси боюнча айыпталып, УКМКнын тарабынан кармалган.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 2 айга камакка алынган.

Улан Жапаров ага чейин да "Коррупцияга" айыпталып, камакка киргизилип, кийинчерээк үй камагына чыккан болчу.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17384