Ошто дубалдарды бузуу учурунда секелек кыз жабыркады
Ошто үйдүн короосундагы даараткананы бузуу учурунда секелек кыз жаракат алды.
Окуя 18-июнда күндүз Жийделик кварталында болгон. Күбөлөрдүн айтымында, жолдорду кеңейтүүнүн алкагында оор техникалар үйлөрдү жана имараттарды бузууну баштаган. Демонтаждоо учурунда кыз урандылардын астында калган. Ал ооруканага жеткирилген.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы Kaktus.media сайтына кыздын баш мээси чайкалганын билдирди. Рентген башка жаракаттарды көрсөткөн эмес. Жабырлануучу башы айланып жатканына даттанган, учурда ал Ош облустук балдар ооруканасында дарыгерлердин көзөмөлүндө экени маалым болду.
Белгилесек, 18-июнда шаар мэри Жанарбек Акаев жолду кеңейтүү үчүн жол жээгиндеги курулуштарды бузууга старт берген.
Башкы беттеги сүрөт: Ош көчөсүндөгү демонтаждоо учурундагы видеодон алынган кадр.
