Бишкекте 2 жигит кайрымдуулукка делген акчаны жеке максатка пайдаланганга шектелди
RU

Бишкекте 2 жигит кайрымдуулукка делген акчаны жеке максатка пайдаланганга шектелди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте 2 жигит кайрымдуулук шылтоосу менен акча чогултуп, аны жеке максаттарга пайдаланган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Ленин РИИБдин маалыматында айтылат.

Белгиленгендей, 24 жана 26 жаштагы жигиттердин акча санап жаткан видеосу тараган. Анда камераны көргөн балдар акчаны кайрымдуулукка жумшай тургандарын айтышкан.

Бул маалымат текшерүүгө алынып, топтолгон акчалар кайрымдуулукка эмес, жеке максаттарга пайдаланылганы аныкталган дешет милициядан.

Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген, ал эми чогултулган материалдар сотко өткөрүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18093