Автобус айдоочуларынын айлыгы көбөйүп, сылык мамилеси үчүн сый акы каралат
Бишкекте автобус айдоочуларынын айлык акысы көбөйөт, ошондой эле сылык-сыпаалыгы үчүн сый акы да каралат. Бул туурасында вице-мэр Рамиз Алиев Бишкек шаардык кеңешиндеги жыйында билдирди.
Вице-мэрдин айтымында, бул жол кирени накталай эмес төлөмгө өткөрүүгө байланыштуу.
"Бул чечимди кабыл алуунун негизги себептеринин бири жол кыймылынын эрежелерин бузуу болгон. Накталай төлөм болсо айдоочулар көбүрөөк акча табууга аракет кылышат жана эрежелерди бузушат. Ошондуктан биз накталай эмес төлөмгө өтүүнү көздөп жатабыз. Айдоочулардын айлык акысы 30%га көбөйөт. Буга чейин 15%га көбөйтүлгөн, эми дагы ошончо көбөйтөбүз", - деп түшүндүрдү Рамиз Алиев.
Буга чейин Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев 1-июлдан тартып автобустарда жол кирени накталай төлөөгө тыюу салынарын маалымдаган. Эгер жүргүнчү электрондук төлөм жүргүзө албаса, автобуска киргизилбей турганын айткан.

