Акаев Садыр Жапаровго кошумча мандат берүү сунушу тууралуу түшүндүрмө берди
RU

Акаев Садыр Жапаровго кошумча мандат берүү сунушу тууралуу түшүндүрмө берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев BBC`ге берген маегинде президент Садыр Жапаров тууралуу айткан пикирин түшүндүрдү. Ал буга чейин кыргызстандыктарды Садыр Жапаровго дагы 8-10 жылга мандат берүүгө чакырган.

Журналист Аскар Акаевден бул билдирүүсү аркылуу кыргызстандыктарды Садыр Жапаровду кайра шайлоого үндөп жатабы деп сураган.

Мурдагы президент акыркы үч жылдан бери өлкөнүн экономикасы болжол менен 10 пайыздык өсүштү көрсөтүп жатканын белгилеп, мындай көрсөткүчтөр Евразияда сейрек кездешерин айткан.

"Эгер мындай өсүш дагы 5–6 жыл уланса, анда аны чыныгы "экономикалык керемет" деп атоого болот. Экономика 8–10 жыл катары менен 8–10 пайыз өссө, туруктуу өнүгүүгө негиз түзүлөт", - деген.

Акаевдин пикиринде, Садыр Жапаров азыр мындай өсүш үчүн шарттарды түзүп жатат жана бул ишти аягына чыгарууга мүмкүнчүлүк алышы керек.

Мурдагы президент экономикадан тышкары Кыргызстандын эл аралык аброю дагы жогорулаганын белгилеген. Ал өлкөнүн 2027–2028-жылдарга карата Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешинин мүчөсү болуп шайланганын тарыхый окуя катары баалаган.

"Эгер ал экинчи мөөнөткө шайланып, дагы беш жыл иштесе, жалпысынан 9–10 жылдык мезгил болот. Ошондо экономикалык кереметке жетишүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүшү мүмкүн", - деген ал.

Ошол эле учурда Акаев анын айткандары жөн гана жеке көз карашы экенин, Конституция боюнча Садыр Жапаров экинчи мөөнөткө талапкерлигин коюуга укуктуу деп белгилеген.

"Ал эми шайланабы же жокпу - аны эл чечет. Мен бул жерде эч кандай маселе көрбөйм. Азыр мен жөн гана Кыргызстандын катардагы жаранымын", - деген Акаев.

Белгилей кетсек, Аскар Акаев 1990-жылдан 2005-жылга чейин өлкөнү башкарган. 2005-жылы март революциясынан кийин өлкөдөн чыгып кеткен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18075