"Бала ырысы" жөлөк пулун алууга бир суткада 14 миңден ашык арыз түштү
RU

"Бала ырысы" жөлөк пулун алууга бир суткада 14 миңден ашык арыз түштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкөдө 1-июлдан баштап "Бала ырысы" жөлөк пулуна арыздарды кабыл алуу башталды. Үч жашка чейинки балдарга ай сайын берилүүчү жөлөк пулун алуу үчүн бир суткада 14 318 арыз түшкөн.

Министрлер кабинетинен кабарлашкандай, кайрылуунун ичинен 13 782 арыздар (жалпы сандын 96,2%) кабыл алынды.

Баштапкы этапта жалпысынан 536 арыз кабыл алынган жок. Мунун негизги себеби - жарандардын жеке маалыматтары менен мамлекеттик маалыматтык системалардагы жана ресурстардагы маалыматтар дал келбей калган.

Мобилдик тиркеме аркылуу - 12 205, ал эми кагаз түрүндө 1577 арыз түшкөн.

Эскерте кетсек, "Бала ырысы" жөлөк пулунун өлчөмү төрөлгөндөн тартып үч жашка чейинки ар бир бала үчүн айына 1200 сомду түзөт. Жарандардан арыздарды кабыл алуу кадимки тартипте уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18154