Алайкуу өрөөнүндө сел жүрүп, 15 үйгө суу кирген
RU

Алайкуу өрөөнүндө сел жүрүп, 15 үйгө суу кирген

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Алайкуу өрөөнүндө 1-июлда катуу жааган жамгырдын кесепетинен Терек жана Коо-Чаты айылдарына сел суулары түшүп, турак үйлөрдү, короо-жайларды жана чарбалык курулуштарды суу каптаган.

Такталган маалымат боюнча, сел суулары 50 турак үйдүн короосун, анын ичинен 15 турак үйдүн ичине кирген. Ошондой эле Терек айылына баруучу ички чарбалык жолдун болжол менен 5 чакырым аралыгынын айрым тилкелерин сел калдыктары каптап, жол убактылуу жабылган.

ӨКМдин Ош облусундагы башкармалыгынан кабарлашкандай, жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында 2026-жылдын 2-июль күнү саат 04:30да жол бир тараптуу ачылып, унаа кыймылы калыбына келтирилди.

Учурда селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18155