Мурдагы депутат Кундузбек Сулайманов камактан чыкты
RU

Мурдагы депутат Кундузбек Сулайманов камактан чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кундузбек Сулайманов үй камагына чыкты. Бул туурасында Бишкек шаардык сотунун маалымдашты.

Эске салсак, Кундузбек Сулайманов 23-февралда Жогорку Кеңештеги депутаттык мандатын тапшырган. Апрель айынын башында ал "Камбар-Ата-1" ГЭСинин долбоорун даярдоо этабындагы коррупцияга байланыштуу козголгон кылмыш ишине байланыштуу кармалган.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, Сулайманов белгилүү бир материалдык пайда үчүн жеке компаниянын кызыкчылыктарын лобби кылуу аркылуу ага колдоо көрсөтүүнү уюштурганы аныкталган. Натыйжада мамлекет өзгөчө ири өлчөмдөгү зыянга учураган. Мурдагы депутат менен бирге подрядчылардын жетекчилери да кармалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18159