"75чилердин каты". Судья өкүм чыгаруу үчүн кирип кетти
RU

"75чилердин каты". Судья өкүм чыгаруу үчүн кирип кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 2-июлда Биринчи Май райондук сотунда "75чилердин каты" деп аталган кылмыш иши боюнча акыркы жарыш сөздөр аяктады.

Бардык айыпталуучулар акыркы сөздөрүн айтышты, ал эми судья кеңешүү бөлмөсүнө кирип кетти.

Сот залына журналисттердин кирүүсүнө милиция кызматкерлери, сот аткаруучулар уруксат бербей жатышат. Белгилей кетүүчү жагдай, өкүм мыйзамга ылайык ачык угузулушу керек.

Белгилесек, "75чилердин каты" боюнча ишке байланыштуу УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулуна, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушевге Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" жана "Бийликти күч менен басып алуу" беренелери менен айып тагылган.

Ошондой эле президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү боюнча катта аты аталган Бекболот Талгарбековго, Эмилбек Узакбаевге, Курманбек Дыйканбаевге, Аалы Карашевге, Курсан Асановго "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен айып тагылып, камакта жатат.

Ббуга чейинки соттук отурумда прокурорлор "75чилердин каты" боюнча шектүүлөрдү 9 жылдан абакка кесүүнү сураган.

"75чилердин каты" боюнча соттук териштирүү (18 статей)
Прокурорлордун 9 жыл сураганын Нурланбек Тургунбек уулу "абсурд" деди (видео)
2 Июль 2026, 11:43
Прокурорлор Ташиевди жана башка шектүүлөрдү 9 жылга эркинен ажыратууну суранды
29 Июнь 2026, 17:11
Адвокат: Ташиев прокурорлорго айыптоолорду алып салууну сунуштады
29 Июнь 2026, 15:41
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18158