Акимдер, мэрлер жылына эки ирет калк менен жолугушууга милдеттендирилди
9
Президент Садыр Жапаров Бишкек жана Ош шаарларынын статусу, жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамдарга кол койду.
Ага ылайык, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары (акимдер) жылына эки жолу эл менен жолугуп, маселелерин угууга милдеттендирилди. Калк менен жолугушуу февраль-март жана ноябрь-декабрь айларында өтүүгө тийиш.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18165