Селден улам Кара-Кечеге барчу жол жабылды (видео)
RU

Селден улам Кара-Кечеге барчу жол жабылды (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Дыйкан – Кара-Кече – Молдо-Ашуу унаа жолунда сел жүрүп, көпүрө жараксыз абалга келген. "Кыргызкөмүр" ишканасы кыймыл токтотулганына байланыштуу, айдоочуларды Кара-Кечеге убактылуу барбоого чакырды.

Учурда "Кара-Кече" филиалы тез арада калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Жол кыймылы кайра жандандырылып, көпүрө калыбына келтирилгенден кийин расмий маалымат берилет дешет ишканадан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18166