Кыргызстанда байланыш тармактарына, мобилдик телефондорго көзөмөл күчөйт
RU

Кыргызстанда байланыш тармактарына, мобилдик телефондорго көзөмөл күчөйт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Санариптик кодекстин кабыл алынышына байланыштуу бир катар мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди. Мыйзамга Садыр Жапаров кол койду.

Өзгөртүүлөргө ылайык, УКМК менен ИИМ атайын тергөө, ыкчам-иликтөө жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүдө мобилдик байланыш операторлору техникалык жактан камсыздоого милдеттүү болот. Бул үчүн зарыл болгон санариптик тутумдарды жана атайын жабдууларды операторлор өз каражатынын эсебинен камсыздайт.

Ошондой эле өзгөчө абал учурунда массалык башаламандыктар же куралдуу жаңжалдар учурунда мамлекеттик органдар конкреттүү мобилдик түзүлүштөргө байланыш кызматын убактылуу токтотуп, кийин кайра жандандыруу боюнча атайын тартипти киргизүү каралган.

Дагы бир өзгөртүү Кыргызстанга импорттолгон жана колдонулган бардык мобилдик түзмөктөрдү милдеттүү түрдө идентификациялоону талап кылат. Мобилдик түзмөктөрдүн эл аралык идентификаторлорун (IMEI) каттоонун тартибин Министрлер кабинети аныктайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18175