Ысык-Көлдө фототузактарга илбирс жана сүлөөсүн түштү
10
Ысык-Көл облусундагы Жетим-Бел кырка тоосунда жана "Каракол" жаратылыш паркында орнотулган фототузактарга илбирс, сүлөөсүн жана башка жапайы жаныбарлар түшкөн.
Фототузактар өткөн жылы орнотулуп, жакында гана текшерилип алынган. Аларга эчки-теке, элик жана каман сыяктуу жаныбарлар да түшкөн.
Учурда алынган сүрөттөр талданып, аймактагы жапайы жаныбарлардын саны жана таралышы боюнча маалымат такталууда.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18178