Чаткалда куткаруучулар 36 адамды коопсуз жайга өткөрүштү
13
Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда суунун деңгээли көтөрүлүп, Кара-Токой суусундагы көпүрөнүн түркүгү агып кеткендиктен жайлоого баруучу жол убактылуу жабылган.
Куткаруучулар асма көпүрө аркылуу жалпы 36 адамды коопсуз аймакка өткөрүштү. Алардын арасында 7 Россиянын, 1 Казакстандын жана 28 Кыргызстандын жараны болгон.
Учурда кырдаал көзөмөлдө. Ал эми эки жаран суунун деңгээли төмөндөшүн күтүп, өз унаасы менен ошол жерде калууда.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18179