Тоодо 13 жаштагы бала аттан кулады
13
Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Ырдык коктусунда 13 жаштагы бала аттан кулап кеткен. Жабырлануучуга куткаруучулар жардам көрсөткөнүн ӨКМдин Ысык-Көлдөгү башкармалыгы маалымдады.
Белгилүү болгондой, 5-июлда бала аттан кулап, мойнунан жаракат алган. Жерине 3 куткаруучу тартылып, 2013-жылы туулган Т. А. аттуу балага биринчи жардам көрсөтүп, коктудан алып түшүшкөн.
Жабыркаган бала "Тез жардам" кызматына өткөрүлгөн.
Башкы беттеги сүрөт видеодон алынган кадр.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18182