Шаардыктар автобустарга акысыз которулуу кызматын активдүү колдоно башташты
RU

Шаардыктар автобустарга акысыз которулуу кызматын активдүү колдоно башташты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарында бир жолу төлөм жүргүзүп, 1 сааттын ичинде башка автобуска которулуп, акысыз жүрүү кызматын 50 миңден ашык жүргүнчү пайдаланган. Бул туурасында калаа башкармалыгынан кабарлашты.

Система ишке киргенден бери 6 күндүн ичинде 56 817 акысыз которулуу катталды.

Жаңы система боюнча биринчи сапарды накталай эмес ыкма менен төлөгөн жүргүнчүлөр алгачкы төлөмдөн кийин 60 мүнөт ичинде башка транспортторго акы төлөбөстөн түшө алышат. Бул чечим шаар ичиндеги каттамдарды ыңгайлуу кылуу жана жүргүнчүлөрдүн транспорттук чыгымдарын азайтуу максатында ишке киргизилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18191