TezJet`тин учагы учайын деп жатканда кырсыкка кабылдыю Видео
25
Бүгүн, 7-июлда "Манас" эл аралык аэропортунда TezJet авиакомпаниясынын учагы асманга көтөрүлөрдө кырсыкка кабылды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына күбөлөр билдиришип, видеолору менен бөлүштү. Сүрөт видеолордон көрүнүп тургандай, учактын канаты сынган.
"Кыргызстан аэропорттору" ишканасы маалыматты тастыктап, учактын алдыңкы шассисинде көйгөй бар экенин билдирди.Саат 16:15те жүргүнчүлөрдү авариялык тепкич аркылуу эвакуациялоо иштери башталган. Бардык жүргүнчүлөр эвакуацияланып, эч ким оор жаракат алган жок. Айрым жүргүнчүлөр жеңил жаракат алышкан.
Учурда учак учуп-конуу тилкесинде турат. Мындан улам башка авиакаттамдар убактылуу токтотулду.
TezJet компаниясынан окуя боюнча кийинчерек расмий маалымат берерин билдиришти.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18196