Бизнес жана ИИМ бишкектиктерди акысыз ташуу үчун автобустарын линияга чыгарышты
RU

Бизнес жана ИИМ бишкектиктерди акысыз ташуу үчун автобустарын линияга чыгарышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ичики иштер министрлиги жана "Дордой" базарларынын ассоциациясы бишкектиктерди ташуу үчүн өзүнүн автобустарын сунушташты.

Мэрия берген маалыматка ылайык, автобустар №100 маршруттук линия менен жүрүп, шаардыктарды акысыз ташыйт.

Андан тышкары, муниципалитет "Жаныңа жүргүнчү салып ал" акциясы жүрүп жатканын эскертти.

Kaktus.media редакциясынын эмне үчүн 100-маршрут тандалып алынды деген суроого борбордук мэриянын басма сөз кызматы - бул эң узун маршрут, анан ал айланып жүрөт, - деп жооп берди.

"Муниципалитеттин жана бардык шаардык кызматтардын кызматкерлери жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн шаарга чыгышты", - деп мэрия кошумчалады.

Эске салсак, кечээ, 2-июнда, маршруттун айдоочулары иш таштап, жумушка чыккан эмес. Алар жол кирени көтөрүүнү талап кылып жатышат. Бишкекте транспорттук коллапс орун алды.

Мэрия даярдалып жаткан акция тууралуу алдын ала билгендигин, бирок айдоочулар менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр эч кандай натыйжа бербегенин билдирди. Мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновдун айтымында, тариф маселеси сентябрь айында чечилет.

№100-маршрут менен "Манас" аэропорту бөлүп берген 4 автобус жүргүнчүлөрдү ташып жатат.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1872