Маршруткачылар иш таштап мэрия таксисттерге кайрылуу жасады
RU

Маршруткачылар иш таштап мэрия таксисттерге кайрылуу жасады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги маршруттун айдоочулары иш таштаганына байланыштуу мэрия таксисттерге кайрылып, түзүлгөн кырдаалдан пайдаланып, бааны атайылап жогорулатпоону өтүндү.

Муниципалитет шаардыктар жумушуна же үйүнө жете албай кыйналып жатышат. Жөнөкөй жарандарды да ойлоп койгула, деген кайрылууну жасады.

"Урматту таксисттер жана такси кызматынын жетекчилери! Мэрия силерден тарифти жогорулатпоону суранат. Автобус менен троллейбустар күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат, андан тышкары шаар ичинен акысыз жеткирүүнү уюштурдук. Түзүлгөн кырдаалды түшүнүү менен кабыл алып, андан акча жасап алууга умтулбагыла деп суранабыз. Жөнөкөй жүргүнчүлөр силерге ыраазы болушат", - деп муниципалитет маалымдады.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1879