"Эски" жана "жаңы" депутаттар кимдин энергиясы көбүрөөк деп талашышты
RU

"Эски" жана "жаңы" депутаттар кимдин энергиясы көбүрөөк деп талашышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

3-июндагы жыйынында Жогорку Кеңеш Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушуна байланыштуу маселени иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүү маселесин карады. Тиешелүү сунушту "Ата Мекен" парламенттик фракциясы берди.

Талкуу учурунда депутат Улукбек Ормонов комиссиянын түзүлүшүнө каршы болду.

"Албетте, бул маселе биздин компетенциябызга кирет. Бирок каникулга кетер алдында (1-июлдан баштап - болжол менен. Kaktus.media) 20 күн калды. Жолдун курулушу бүтө элек. Мынчалык кыска убакытта көйгөйдү терең изилдөө мүмкүн эмес. Комиссиянын ишин кийинки чакрылыш улантууга туура келет. Ошондуктан комиссия түзбөй эле коёлу" деди ал.

Дастан Бекешевдин айтымында, ЖКнын регламенти боюнча, чакыруу мөөнөтү аяктап калганда, башкача айтканда төрт ай калаганда комиссия түзүлбөйт. "Октябрь айында шайлоо болот, биз ага катышабыз. Эгерде кимдир бирөөдө жолдун курулушу боюнча маалымат бар болсо, УКМКга тапшырсын, ошолор териштирип алсын" деди ал.

Шайлообек Атазовдун айтымында, "Ата Мекен" фракциясы кесиптештери каршы чыгат деп болжолдошкон.

700 миллион доллар текке кетти - бул элдин бюджети. Тендерлер комиссиясыз өткөрүлгөн. 2012-жылы башталган курулуш 2018-жылы бүтүш керек эле, азыр биз 2021-жылдын тамагын жеп жатабыз. Акчалар кайда кетти?

"Депутаттар жакында каникул деп жатат. Каалагандар каникулга чыгышсын. Азырынча биздин ыйгарым укуктар эки айда, алты айда же бир жылда бүтөөрү белгисиз . Бирок биз миллиарддаган каражат сарпталган жол маселесин чечишибиз керек. Мурунку президенттер жана премьер-министрлердин бул махинацияларга катыштыгы бар деп жатышат". Сиз эмне үчүн каршысыз? Же жакындарыңызды коргоп жатасызбы?" - деп сурады депутат.

Өмүрбек Бакиров төрт ай калганда комиссия түзүлбөйт деген регламентке баш ийээрин, бирок парламенттик шайлоонун датасы азырынча белгисиз экендигин баса белгиледи. "Ошондуктан, комиссия иштесин, коррупцияны иликтөөнү каалаган энергиялуу депутаттарга тоскоолдук жаратпайлы. Жаңы депутаттар көп, алардын энергиясы дагы көп. Колдойлу", - деди ал.

"Кыязы, көптөн бери иштеп келе жаткан депутаттар чарчап калышты окшойт. Алар 20 күндөн кийин кете беришсин, биз ыраазыбыз. Жакында эле келдик, элдин талабын аткарышыбыз керек. Айрым депутаттар жүрөктөрүн тазалаш керек", - деди Айбек. Осмонов.

Дастан Бекешев жаңы депутаттарга маселенин укуктук жагын түшүндүрүүгө аракет кылды. "Июль айында кааласаңыз дагы, каалабасаңыз дагы баары эс алышат. Июль-август айларында регламентке жана мыйзамдарга ылайык, бизде эс алуу болот. Ал эми сентябрь айында шайлоо болот", - деди ал.

Марлен Маматалиев дагы чыгып сүйлөдү. "Бул жерде сиз жаңы жана эски болуп бөлүнүп жатасыз. Мен сизге ортодо калгандардын атынан айтайын. Биз комиссиянын түзүлүшүнө каршы эмеспиз. Төрт айдын ичинде комиссия түзүүгө болбойт деген туура. Бирок биздин качан кетээрибизди, эч ким билбейт. Кийинки жылы дагы иштеп калышыбыз мүмкүн. Келгиле, изилдеп көрөлү "деди ал.

Рада Туманбаева депутаттардан бөлүнүп-жарылбоосун өтүндү. "Эски же жаңысы, эч кандай айырмасы жок. Биз үчүн эң башкысы элге кызмат кылуу. Анан бири-бирибизге комментарий бербейли", - деп кошумчалады ал.

Андан кийин Ормонов кайрадан сөз сүйлөдү. "Жаңы келгендерден көптөн бери иштеп келгендерди сыйлоону өтүнөм. Декабрда биз конституциялык мыйзам кабыл алганбыз, анда шайлоону 1-июнга чейин белгилөө керек деп жазылган. Кечигип калдык. Же аны өзгөртүү керек болчу, же Президент шайлоо күнүн тезинен белгилеши керек "деп эскертти ал.

Бакыт Төрөбаев эс алууга таптакыр барбоону сунуштады. "Силерде энергия көп . Мен дагы жаш болгом. Бирок бири-бирибизди сыйлашыбыз керек. Июль-август айларында иштесек болот. Мыйзамдарды жаңы Конституцияга ылайыкташтыруу үчүн дагы 17 жаңы мыйзам кабыл алынышы керек", - деди депутат.

Талаш-тартыштардын жыйынтыгында, депутаттар комиссия түзүүнү колдошту. 91 депутат "макул", 4 депутат "каршы" добуш берди.

Комиссиянын курамына Жогорку Кеңешке салыштырмалуу жакында келген депутаттар кирди:

  • Саматбек Ибраев;
  • Максатбек Эгембердиев;
  • Марлен Маматалиев;
  • Акылбек Кемелов;
  • Улугбек Садиков;
  • Султанбек Анарбаев;
  • Уланбек Исмаилов;
  • Мейкинбек Абдалиев;
  • Аманкул Токтомамбетов;
  • Нурбек Мурашев;
  • Бурун Аманова;
  • Шералы Абдылдаев.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1897