Садыр Жапаровдун штабы Төрөкан Жунусбеков менен Мелис Аспековдон баш тартты
RU

Садыр Жапаровдун штабы Төрөкан Жунусбеков менен Мелис Аспековдон баш тартты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү Александр Мощин БШКга Төрөкан Жунусбеков жана Мелис Аспеков боюнча арыз жазды. Документтин көчүрмөсү социалдык тармактарга жарыяланган. БШК мындай арыздын бар экенин тастыктады.

Арыз 23-декабрда жазылган. Өзүнүн билдирүүсүндө Мощин, Жунусбеков менен Аспеков Жапаровдун шайлоо штабынын кызматкерлери болуп саналбайт жана кандидаттын атынан үгүт иштерин жүргүзүп, анын агитациялык материалдарын колдонуусуна эч ким уруксат берген эмес, деп маалымдады.

"Өзүнүн мыйзмсыз иш аракеттери менен Мелис Аспеков менен Төрөкан Жунусбеков Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Жапаров Садыр Нургожоевич тууралуу негативдүү ой-пикир жаратып жатышат, ошону менен шайлоо алдында жүргүзүлгөн кампанияга жолтоо болушууда", - деп арызда жазылган.

Мощин ошондой эле укук коргоо органдарына да кайрылган.

Эске салсак, Төрөкан Жунусбеков менен Мелис Аспеков өздөрүн Садыр Жапаровдун эң жакын тарапташтары деп аташат.

Жунусбеков Садыр Жапаровдун тарапташы, көп сандаган митингдердин атактуу катышуучусу, "Мекенчил" партиясынын мүчөсү Төрөкан Жунусбеков, ушул жылдын октябрь айында Бишкек шаарынын мэри болуу аракетин көргөн. Ал эми жакында MegaCom компаниясынын генералдык директорунун кеңешчиси болуп дайындалган.

Төрөкан Жунусбеков үгүт иштеринин башталышы менен Садыр Жапаровду колдогон иш чараларга активдүү катышып келген. Мыйзамсыз агитация жүргүзүп жатат, деп айыпталганда, ошол мезгил аралыкка "отпуск без сожержания" алган.

Мелис Аспеков өзүн Жапаровдун Чүй облусу боюнча штабынын жетекчиси деп атап келет. Ал 10 миң доллар өлчөмүндөгү акчалай каражатты спортчуларга берген. БШКнын ыкчам чара көрүү координациялык тобу бул факт боюнча иликтөө башталганын билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/236