Эдил Байсаловго Оштогу ооруканага арызданышса, жаңы оорукана салууну сунуштады
RU

Эдил Байсаловго Оштогу ооруканага арызданышса, жаңы оорукана салууну сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эдил Байсалов Ош облусундагы бир катар социалдык-маданий объектилердин иши менен таанышып чыкты.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ош облусуна болгон иш сапары учурунда С. Бекмуратов атындагы №1 Ош шаардык музыка мектебине баш багып, окутуучулар курамы менен баарлашып, мекеменин актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун катышуучулары иштөө шарты жана эмгек акысы маселесин көтөрүп чыгышты.

Андан кийин Байсалов Ош шаардык инфекциялык ооруканасына барып, 100 керебетке ылайыкталган жаңы корпусту көрдү. Көрпус тез жасалуучу конструкциялардан салынып, учурда кызыл аймак катары колдонулууда.

Мекеменин кызматкерлери лаборатория, рентген кабинет, администрация, кир жуучу жай жана тамак-аш блоктору керек экенин айтышкан. Байсалов альтернатива катары бош турган жерге беш кабаттуу имарат салууну сунуштады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4007