Блогер Дава эки кыргызстандыктын коштоосунда Дубайга учуп кетти
RU

Блогер Дава эки кыргызстандыктын коштоосунда Дубайга учуп кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиялык блогер Дава Манукян Дубай шаарына эс алууга жолдомо жана Айфон 13 үлгүсүндөгү уюлдук телефон белек кылган кыргыз жарандары менен Дубай шаарына учуп кетишти. Бул тууралуу сүрөттөрдү Дава Манукян социалдык тармактагы жеке баракчасына жарыялады.

Блогер баракчасына аэропорттогу сүрөттөрдү жүктөп "Каякка учуп жатканыбызды эстетип койчу?" деп жазган.

Эске сала кетсек, буга чейин Давид Манукян соода борборунан жайкы кийим издеп жүрүп, кыргыз кызын жолуктуруп калган. Андан соң кызга Дубайга командасы менен чогуу саякаттап келүү сунушун киргизген болчу. Макул болгон мекендештер менен Дубайга учуп кетишти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4685