Сокулукта зордуктоого шектүүнүн чоң энеси: "Неберемди актабайм, күнөө кылса жазасын алсын"
RU

Сокулукта зордуктоого шектүүнүн чоң энеси: "Неберемди актабайм, күнөө кылса жазасын алсын"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сокулук районундагы 17 жаштагы кызды зордуктоого шектүү жарандын чоң апасы Булбүбү Сарбашева окуя тууралуу үн катты. Айтымында, айылда он чакты киши гана коркутуп, көчүрүп жатат.

"Мен шектүү баланын чоң апасы болом. Үйдө балам, келиним, неберем, келинчеги жана 4 баласы болуп чогуу жашачубуз. Менин 40тай небере-чөбөрөм бар. Эми үйү жок талаада калдык. Неберем жазасы үчүн түрмөдө жатат, ал кылмыш кылса бизде эмне күнөө? Чиедей неберелерим мектепке барбай калды. Айылдын аксакалдары дагы укпай жатат. Укук коргоо органдары бизди кайтарып турат. Менин балам күнөө кылып коюптур, эл-журттан кечирим сурайбыз. Биз балабызды актаган жокпуз. Балабыз өз жазасын тартсын деп жатабыз. Келинчеги бар. Аларды каякка алып барып жан сактайбыз? Кыш кыроодо ушинтип көчүрүп жатышат. Элден коркуп турабыз. Өзүбүздүн жерге батпай калдык.

Баламды чыгарып деле берейин, кааласаңар өлтүргүлө дедик. Экспертизанын жыйынтыгы чыга элек, ар ким ар кандай деп жатат. Ушул үйдү ак эмгеги менен салган. Бир кирпичтен баштап өзү жасаган. Ал эми аксакалдар соту жаш, кызуу кандуу балдардан коркуп жатат. Өзүнчө жаштар коому уюшулуп алып эле айыл өкмөткө дагы баш ийишпейт экен. Кана мыйзам? Атасына баласы жооп бербейт да. Бала кылмыш кылды, эмне кылат өздөрү билет. Ата-энеде эмне күнөө", - деди шектүүнүн чоң апасы.

Буга чейин шектүүнүн туугандары айылдан көчүп кеткенин айыл тургундарынын бири билдирген. Көп өтпөй эле шектүүнүн жакын тууганы үй-бүлө Бишкекке көчүп келгендигин айткан.

7-декабрда айыл эли зордуктоого шектүү жарандын үй-бүлөсүнө 2 күн убакыт берип, айылдан көчүп кетүүсүн талап кылышкан.

Буга чейин Чүй облусунун Сокулук районунда 17 жаштагы кызга кол көтөрүп, зордуктоого шектүү жаран кармалган.

Эскерте кетсек, 5-декабрда Сокулук районунун Кызыл-Туу айылынын тургуну мас абалында 16 жаштагы жергиликтүү тургунду зордуктоого аракет кылып, катуу сабап салган. Шектелүүчү кызды жана анын ата-энесин таанычу - алар кошуна болгон. Кызды Бишкекке жеткирип коём деп алып кеткен.

Маалымат super.kg сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4711