Курманбек Бакиевдин жээни Кыргызстанга 100дөн ашык электромобил алып келет
RU

Курманбек Бакиевдин жээни Кыргызстанга 100дөн ашык электромобил алып келет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Экс-президент Курманбек Бакиевдин жээни Сымбат Маратбек 2022-жылдын январында Кыргызстанга 100дөн ашык электромобилдерди алып келет. Бул тууралуу ал Марал радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда электр унаалары үчүн электр кубаттоочу станциялар орнотулуп жатат. Ошондой эле стратегиялык объектилерге, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарындагы жана Бишкек шаарындагы соода борборлоруна да кубаттоочу станцияларды орнотуу пландалууда.

"Учурда Кыргызстанда 400гө жакын электр унаасы бар. Биз таксилерди жана коомдук транспортторду электромобилдерге өткөрүү аракетин көрүп жатабыз", - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, Сымбат Маратбек Кыргызстандын Германиядагы мурдагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Марат Бакиевдин кызы. Ал эми Марат Курманбек Бакиевдин иниси.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4782