Адахан Мадумаров үчүнчү ирет сурак берүүгө чакыртылды
RU

Адахан Мадумаров үчүнчү ирет сурак берүүгө чакыртылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаттары Адахан Мадумаров жана Исхак Масалиев Баткен облусундагы жерлердин сатылышы боюнча кайрадан сурак берүүгө чакыртылды. Бул тууралуу Kaktus.kg редакциясына күч структураларынын кызматкерлери билдиришти.

Алардын айтымында, Мадумаров Башпрокуратуранын тергөө башкармалыгына бүгүн, саат 10:00го кыргыз-тажик чек арасы боюнча чакыртылган.

Андан тышкары, анын партиялашы - депутат Исхак Масалиев да сурак берет.

Белгилей кетсек, Адахан Мадумаров 14-январдан бери үчүнчү ирет Башпрокуратурага көрсөтмө берип жатат. Анын айтымында, жалгыз ал эле эмес, "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын бардык мүчөлөрү кысымга алынууда.

Эске салсак, 2021-жылдын ноябрь айында президент Садыр Жапаров Баткен облусундагы жерлердин сатылышы иликтенет деп жар салган болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5203