Азимбек Бекназаров: Камчы иним, Адахан иним пиарыңарды токтоткула! (Видео)
RU

Азимбек Бекназаров: Камчы иним, Адахан иним пиарыңарды токтоткула! (Видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акыркы бир нече күндөн бери Кыргызстандын Генералдык прокуратурасы күбө катары "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду аны менен кошо Исхак Масалиевди жана Азимбек Бекназаровду суракка алып жатат.

Тергөө 2009-жылы Адахан Мадумаров кол койгон протокол боюнча жүрүп жатат. 2009-жылдын 3-мартында, Адахан Мадумаров Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда Тажикстан менен протоколго кол койгон. Ал эми тажик тараптан документке кол койгон киши - Тажикстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Амиркул Азимов.

Протоколдо тогуз пункт болсо, анын бири Төрт-Көчөнүн жер участогуна тиешелүү. Ош-Баткен-Исфана жолун оңдоо жана жаңы көпүрө куруу үчүн Кыргызстан кыргыз-тажик чек арасындагы макулдашылбаган (Тажик тараптыкы дагы эмес, Кыргызстандыкы дагы эмес болгон жер) жерден 275 метр узундуктагы 5 гектар жерди 49 жылга ижарага алган. Бирок, кийинчерээк бул келишим чек арада көйгөйлөрдү жаратты деп эсептешет.

Бекназаровдун айтымында, социалдык тармактарда Адахан Мадумаровго каршы көрсөтмө берүу үчүн атайын Малайзиядан келди, деген ушак сөздөрдүн алдын алуу үчүн видео кайрылуу жасоого туура келди.

"Мындан эки жыл мурда, Адахан мырзанын менин элчиликке сатылып кетти деген сөзү боюнча видео конференцияда ага жооп берген сөзүмдү эки жылдан бери Адаханга каршы саясатта пайдаланып жүрүшөт", деп Бекназаров белгиледи.

Саясатчы бул маселе кайрдан көтөрүлүп жатканын билдирди.

"Мекендештер, мен ал үчүн келген жокмун. Мени өткөн жылдын декабрь айында Генпрокуратура июль окуясы боюнча чакырган. Мен ыңгайлуу учур болгондо барам, ошондо сурагыла, дегем. Мен башка кызматтык иш сапар менен келдим. Ошол учурдан пайдаланып, үч күндөн бери мени суракка алып жатышат. Алар ютубда эки жылдан бери ойнотулуп жүргөн нерсени билип, тактап коелу дешти", - деп Бекназаров түшүндүрдү.

Ал учурдан пайдаланып оппоненттерине кайрылуу жасады.

"Урматту Камчы иним, Адахан иним, бир жыл мурда Баткен окуясы боюнча чек ара боюнча сактабаган чырыңарды, эми тергөөнүн сырын да бузуп, элдин башын оорутуп, чыр кылалы деп жатасыңарбы? Сурак кылганың да, сурак бергениң да мыйзамды сактап, элдин башын оорутпай жөн жүргүзбөйсүңөрбү? Адахан иним, мындай пиарыңды токтот, өтүнөм, силерден", - деп Бекназаров сөзүн жыйынтыктады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5214