"Кыргыз сценарийдин эң начар варианты". Казакстандагы окуялар тууралуу
RU

"Кыргыз сценарийдин эң начар варианты". Казакстандагы окуялар тууралуу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эмне үчүн Нурсултан Назарбаев ушунча убакыт үн каткан жок? Казакстандагы кризис артта калдыбы? Каршылык акциялары коңшу өлкөлөргө да өтөбү? Бул жөнүндө Lenta.ru басылмасына Россиянын илимдер академиясынын Эл аралык экономика жана мамилелер институтунун илимий кызматкери Станислав Притчин айтып берди. Kaktus.kg интервьюнун урунттуу жерлерин кыргызчалап келтирди.

Эмне үчүн Назарбаев узак убакытка чейин үн катпай отурду?

Көшөгө артында соодалашуу жүрүп жаткан болушу мүмкүн. Назарбаев менен жаңы президент Токаевдин ортосунда.

Казакстандык саясаттын өзгөчөлүгү мында: саясий каймактардын ичиндеги араздашуулар өто сейрек учурларда гана тышкы чөйрөгө ачыкталат. Айрым билдирүүлөр, адамдардын кызматтан алынышы боюнча эле бүтүм чыгарып, элита арасында күрөш жүрүп жатыптыр, деп түшүнүп койсо болот.

Назарбаев жалпы кырдаал турукташып, башкаруучу команда жана жаңы бийлик вертикалы калыптана баштаганда гана элге кайрылды.

Азыркы тапта Казакстанда эмне болуп жатат?

Бир жагынан алып караганда, курч фазасы артта калды, каршылык көрсөтүүнүн негизги булактары курчоого алынды, мародерлорго административдик имараттарды басып алуунун уюштуруучуларына жана катышуучуларына издөө жарыяланды. Бирок расмий берилген статистика көрсоткөндөй, бул кадамдар жүз пайыз эффективдүүлүктөн өтө эле алыс.

Башаламандыктардын көпчүлүк катышуучулары жазасын алган жок, ошондуктан, тымызын тиги же бул окуяларга катышып, пайда тапса боло турганын түшүнүштү. Мындай көрүнүш келечекте жаңы козголондо чыга турган болсо чоң коркунуч жаратат.

Расмий маалыматка ылайык, ызы-чуунун жүрүшүндө 1 300 мылтык уурдалды. Чынында эле ушундайбы жана чынында эле бардыгы кайра кайтарылдыбы? Ошондо ок атуучу куралдар да эл арасында жүргөн болуп жатат. Бул өз кезегинде бүтүндөй Борбордук Азия үчүн көйгөй. Анткени уюшкан кылмыштуулукта чек ара жок.

"Кыргыз сценарийинин эң начар варианты"

Январга чейин Казакстан постсоветтик мейкиндикте көпчүлүк көрсөткүчтөр боюнча эң ийгиликтүү мамлекеттердин катарына кирчү: жашоо деңгээли боюнча, ИДПси, инвестициялар, мегадолбоорлор, эл аралык мамиледеги статусу, Нур-Султан сүйлөшүүлөрдү өткөргөн чоң аянтка айланган.

Анан эле, бул мамлекет анчалык деле ишенимдүү жана туруктуу эмес экени ачыкталып калды. Бул өлкөдө "кыргыз сценарийи" эң начар вариантында ишке ашырылды.

Албетте, каршылык акцияларын жеке саясий кызыкчылыгы үчүн пайдаланып, аэропортту, УКК имаратын жана башка объектилерди басып алууну уюштургандар четтен чыкты. Башкача айтканда, атайын кызматтар мунун алдын алышы керек болчу, бирок алар негизги милдеттерин аткара алышкан жок.

Башаламандыктар учурундагы массовканы мародерлор жаратышты. Казакстанда, ошол эле Кыргызстандан айырмаланып, мындай окуялардын социалдык себептерин "жокко чыгарып" турууга ресурстары жетиштүү. Маселен, калк көп жайгашкан түштүк региондордогу жумушсуздук көйгөйү менен эч ким алектенген эмес.

Акыркысы, Казакстандагы кырдаалды ЖККУнун жардамы менен турукташтырышты, башкача айтканда, мамлекет өз алдынча өлкө ичин тартипке келтире алган жок.

Казакстанда ислам коркунучу барбы?

Казакстанда террористтик актылар болгон. Жалпысынан алганда исламдашуунун деңгээли улам жогорулап барат, бирок ал критикалык көрсөткүчкө жете элек. Радикалдуу исламды үгүттөөчүлөргө калктын ыңгайлуу катмарлары бар - айылдын тургундары жана шаар четинде жашаган жарандар, билим алууга шарты жоктор жана жумушсуздар.

Жүздөгөн казактар Сирияга согушка кетип калганы деле мамлекет ар дайым эле тиешелүү чараларды көрүп, жарандарынын террористтик ишмердүүлүккө аралашуусун көзөмөлгө ала албай тургандыктын көрсөткүчү.

ЖККУнын орду

Чечимдин тез кабыл алынышы, ыкчам чара көрүү жана психологиялык эффектиси жагынан операция үлгүлүү өттү. Казакстандын кайрылуусунан кийин ЖККУнун кеңеши ошол замат контингентти жөнөтүү чечимин кабыл алып, эртең менен аскер жөнөтүүгө даярдык көрүлө баштады. Эки күндүн ичинде алгачкы жоокерлер объектилерди кайтара башташты.

ЖККУ аскерлеринин киргизилиши Казакстандагы кырдаалдын турукташуусунда чечүүчү ролду ойноду. Казакстандык күч органдарына олутуу психологиялык колдоо болуп, стратегиялык объектилерди кайтаруудан колдору бошоп, каршылык акцияларын басууга бардык аракетин жумшоого шарт түздү.

ЖККУну каршылык акцияларын басуу үчүн колдонушабы?

Жамааттык коопсуздук тууралуу Келишимдин төртүнчүсү беренеси агрессия учурунда ЖККУ мүчөлөрүнө жардам берүүнү кепилдик кылат. Бул беренени кеңири түшүнсө болот. Негиздеме катары, территориалдык бүтүндүгүнө жана туруктуулугуна коркунуч жаралган учурда, деп көрсөтүлгөн.

Казакстан кайрылган кезде, ЖККУ үчүн башаламандыктарга ким катышып жатканы түшүнүксүз болчу. Көчөгө миңдеген адамдар уюшуп чыгышкан. Алар өлкөнүн экинчи шаарын басып алышкан. Коопсуздук тарабын ойлогондо мындан да коркунучтуу эмне болушу мүмкүн деген ой келет.

Азыркы тапта, кырдаалга постфактум анализ жүргүзгөндө, күмөн саноолор жаралып жатат. ЖККУнун тынчтык контингентин деле пайдаланса болот болчу, конфликтке тышкы катышуучулар киргендигин далилдей турган бир да факт жок. Бирок ошол маалда кырдаал критикалык абалына жетип калган.

ЖККУнун кирүүсү казактардын Казакстанда жашаган орустарга болгон мамилесине таасир этеби?

Каршылык акциялары учурунда биз эч кандай улутчул талаптардын коюлганын байкаган жокпуз, бардыгы социалдык-экономикалык жана саясий болчу.

Тынчтык жоокерлерине карата да эч кандай негативдүү инциденттер болгон жок. Ошондуктан Казакстанда жашаган орустарга кандайдыр бир терс кесепеттер болбойт болуш керек.

Казакстан көп улуттуу өлко. Орустардан тышкары, дунгандар, уйгурлар, украиналыктар, немецтер, өзбектер жашашат. Улутчулдук картасы четке жылдырылат деп ишенем, анткени бийлик үчүн азыркы тапта тартипти орнотуу жана бийликтин жаңы вертикалык түзүү негизги максат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5239