Мадумаров Нарматованын мандаты боюнча: Көз көрүнөө жасалган мыйзамсыздык!
RU

Мадумаров Нарматованын мандаты боюнча: Көз көрүнөө жасалган мыйзамсыздык!

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров анын кесиптеши Орозайым Нарматованын мандатын кайтарып алуу - бул "айрым адамдарга сабак кылып коюу аракети жана көз көрүнөө жасалган мыйзамсыздык" - деди.

"Качан мындай болду эле? Билим берүү министрлиги бир күндө дипломду жокко чыгарып салды. БШКнын мындай кылууга акысы жок. Нарматова былтыр бардык документтерди тапшрыган, аны каттоого алышкан. БШКга бардыгын текшерүүгө убакыт берилет да. Аны абдан дыкат текшеришкен болчу", - деп депутат белгиледи.

Ал сотко кайрылабы же жокпу, өзү чечет. Бирок, менин башка суроом бар: судьялар ким?

Мадумаровдун айтымында, судья 11 жылга соттоп, бир сааттын ичинде кайра карама-каршы чечим чыгарат. Ушуну кантип сот деп атайбыз?

Андан тышкары, Нарматовага БШКнын жыйыны боло тургандыгын алдын ала айтышкан эмес. Жыйын боло турганын ошол күнү маалымдашкан.

Эске салсак, мындан бир нече күн мурун УКМК Жалал-Абад мамлекеттик университеттин кызматтагы адамдарына карата кылмыш ишин козгогон. Алар Орозайым Нарматованы орто кесиптик дипломдун негизинде жогорку окуу жайдын 3-курсуна мыйзамсыз кабыл алышкан деп айыпталууда. Нарматованы бир нече жолу сурак берүүгө чакыртып, 20-январда Билим берүү министрлиги дипломду жараксыз деп таанып, БШК мандатын чакырткан.

БШК депутаттыкка талапкерлерди каттоого алып жатканда комиссияга тапшырылып жаткан документтерди текшерет. Эми УКМК өлкөдөгү бардык мамлекеттик кызматкерлердин дипломдорун текшерет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5249