Токаев Казакстандагы башаламандыктардын негизги себебин атады
RU

Токаев Казакстандагы башаламандыктардын негизги себебин атады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев бизнес өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда январдагы башаламандыктардын келип чыгуусуна байлар менен жардылардын кирешесиндеги чоң ажырым негизги себеп болгонун айтты. Мындай маалыматты РИА Новости жарыялаган.

"Байлар менен кембагалдардын ортосундагы ажырым болуп көрбөгөндөй деңгээлге жетти. Баарыбызга жакшы маалым болгон коррупциянын фонунда, кирешелердин мындай айырмачылыгы чечүүчү ролду ойноп, отко май чачкандай эле болду. Бул кырдаалдан террористтер, согушкерлер жана кылмыштуу топтор колдонушту", - дейт Токаев.

Анын айтымында, болгон окуялар көп жылдан бери чогулуп келе жаткан көйгөйлөрдү ачыктады. "Бүгүнкү күндө биздин алдыбызда калыптанып калган коомдук түзүмдү тереңине чейин трансформациялоо көйгөйү турат. Бизге Казакстандын жарандарынын кызыкчылыгын коргогон реалдуу реформалар керек", - деп Казакстандын президенти кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5255