Камчыбек Ташиев: Болот Темировдун иликтөөсү жалган
RU

Камчыбек Ташиев: Болот Темировдун иликтөөсү жалган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев бүгүн, 23-январда маалымат жыйынын өткөрүп, анда Болот Темировдун камалышы жана анын иликтөөсү боюнча комментарий берди.

"Эл Болот Темиров журналисттик иликтөөсүнөн кийин кармалганын айтып жатышат, бул чындыкка коошпойт. Анын маалыматынын баары жалган", - деди Ташиев.

"Мени 20 жылдан бери эч ким күнөөлөп же мамлекеттин акчасын уурдады деп айта албайт. Менде ушундай принциптер бар. Мунун баарына менин тиешем жок", - деди Ташиев.

Бул иликтөө толугу менен калп экенин кошумчалады.

"Мен мамлекетке зыян келтирбей, пайдалуу гана иштерди жасайм", - деди Ташиев.

Ташиевдердин схемасы тууралуу

Бир күн мурун Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын атайын отрядынын кызматкерлери Temirov Live басылмасынын редакциясынын кеңсесине кармап кетүү үчүн келишкен. Алар Болот Темировду кармап, андан ташкары журналисттердин иштеген компьютерлерин жана башка маалыматты сактоочу жабдыктарды да кошо алып кетишкен. Журналист баңгизат сатууга шектелип жатканы айтылууда. Бирок, Бишкек ШИИБи да, Ички иштер министрлиги да бул маалыматты расмий тастыктай элек.

Бир гана борбор калаанын ички иштер башкармалыгы иштин чоо-жайы көрсөтүлбөгөн кыскача комментарий берди.

Кармалган журналистин канын анализдик текшерүүдөн өткөргөндө баңги зат колдонулган эмес деген жыйынтык берген.

Журналист Болот Темировдун айтымында бул кармоо иши УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин жакындарынын күйүүчү май бизнеси боюнча иликтөөсүн жарыялагандан кийин жүргүзүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5276