Депутат: Биз туңгуюктабыз. Бир жылда $850 миллионду жөн эле чачтык
RU

Депутат: Биз туңгуюктабыз. Бир жылда $850 миллионду жөн эле чачтык

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Кыргызстан туңгуюкта", - дейт депутат Султанбай Айжигитов 31-январда өткөн Жогорку Кеңештин бюджет, экономика жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында. Анда Социалдык фонддун бюджети каралган.

Анын айтымында, министрлер кабинети дагы деле өлкөнү кайсы багытта өнүктүрө турганын так билбейт.

Өнүгүүнүн бардыгын рынокко өткөрүп берип салдык. Мыйзамдарды чыгарып, улуттук валютанын курсун түшүрөбүз, бааларды түшүрөбүз, бардыгына эркиндик берип коебуз, бардыгын менчиктештирип алыш керек. Анан болду, өзү менен өзү сонун болуп кетет. Бар жоктун бары. Рынок өзү чечип коет деп, 30 жылдан бери ушундай саясатты жүргүзүп келебиз.

"Айлыкты көтөрүүгө аракет кылып жатасыңар. Бирок 30 жылдан бери ушундай саясат жүргүзүп жаткандыкан биз инфляциялык-курстук капкандабыз. Ошондон чыга албай убарабыз. Анын мааниси эмнеде? Биздин экономиканын структурасы кандай? Өндүрүш жок, айыл-чарба жок, реалдуу сектор жок. 60% тейлөө көрсөтүү. Ал эми тейлөө көрсөтүүнүн 80% пайызы мындайча айтканда "жок нерсе" - пустышка. Иш орундарды реалдуу сектор гана жаратат. Бүгүнкү күндө андай жок. Инвестициялык рыноктун 100%га импорт. Бизде инвестициялык товар жок. Жада калса чайнек өндүрбөйбүз. Башка товарларды жөн коелу", - дейт депутат.

Айжигитовдун пикири боюнча, айлыкты көтөрүу аракеттер пайдасыз. Бул акча рынокко барып, кошумча суроо-талап жаратат. Бул сомдун кунун түшүрөт. Сом арзандаганда, импорт болуп келген товарлар кымбаттайт. Инфляция пайда болот. Реформа болмоюн пайдасыз. Акча таап рынокко таштай бересиңер, инфляция жүрө берет. Биз же инфляция жаратабыз же алтын резервди жоготобуз.

Акыркы бир жылда канча каражаттык жоготтук билесиңерби? 850 млн доллар жоготтук. Жөн эле ыргытып салдык. Бүгүнкү күндө алтын резерв калдык - 2 млрд доллар. Акыркы үч айда эле 513 млн долларды үч айда эле жок кылдык. Бул биздин экономика үчүн катастрофа. Кантип жашайбыз билбейм?

Депутат жакында эле президент Садыр Жапаров колдоого алган антикризистик программаны иштеп чыкканын билдирди. Ага бүт өлкөнүн алкагында 6 млрд сом керектелет.

Бирок андай каражат жок болгонуна байланыштуу, жок дегенде Баткен облусунда пилоттук долбоор катары жасайлы деп сунуштадым. Анткени Баткен мындай реформаларга өзгөчө муктаж. 560 млн сом бир жылда бөлүнөт. Ошол каражат жетиштүү. Марипов качып жүрүп, кетти. Андан кийин Акылбек Жапаров келди анын бул жөнүндө уккусу да жок. Система ураганда, бул куткаруучу тегерекче катары болот ошол кезде.

Депутат Жныбек Абиров бул отурган кесиптештердин көбу сиздин программа жөнүндо уккан эмес окшойт деп, аны парламенттин жыйынында презентация кылууну сунуштады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5395