Түркияда бычакталган кыргызстандык кыз. ТИМ анын абалын айтып берди
RU

Түркияда бычакталган кыргызстандык кыз. ТИМ анын абалын айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Стамбул шаарындагы мейманканада Түрк жараны тарабынан моюну кесилген кыргыз кызынын ишин Тышкы иштер министрлиги өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Азыркы учурда тиешелүү иликтөө иштери жүргүзүлүп, сот тарабынан шектелген Түрк жараны К.Т.га Түркиядан чыгууга убактылуу тыюу салынып, үй камагына алынды.

Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу жагдайды көзөмөлгө алып, Кыргыз жаранынын кызыкчылыгын коргоо үчүн Стамбул шаарынын тийиштүү органдары жана сот өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, иш-чараларды өткөрүүдө", - деп билдиришти министрликтен.

Эскерте кетсек, 30-январь күнү Түркиянын Стамбул шаарында Түрк жараны ага турмушка чыгуудан баш тарткан кыргыз кыздын моюнун жана жүзүн кескилеп салган.

Азыркы тапта ал Стамбулдагы батиринде медиктердин көзөмөлүндө дарыланып жатат. ТИМ анын окуядан кийин алгачкы медициналык жардамды алып, бирок ооруканага жатып дарылануудан баш тартканын кат түрүндө билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5472