БНИЦТОнун айланасында чыр-чатак. Бейтаптар азыр кайда барышы керек?
RU

БНИЦТОнун айланасында чыр-чатак. Бейтаптар азыр кайда барышы керек?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору кадимки режимде ишин улантууда. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына аталган медициналык мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Алар эмне болуп жатканына карабай бейтаптарга керектүү жардам толук көрсөтүлөөрүнө ишендиришти.

"Биз кадимкидей эле иштеп жатабыз. Бардык дарыгерлер иштеп жатат", - деп белгилешти алар. Жаңы директор азырынча кесиптештерине тааныштырыла элек.

Академик Сабырбек Жумабековго жазылган бейтаптар тууралуу айтсак, ал бүгүн агасынын акыркы сапарга узатуу зыйнатына кеткендигин айтып, бейтаптарды кабыл алынбай турганын түшүндүрүштү. Жумабековдун мындан аркы иши тууралуу маалымат кызматында маалымат жок.

Эске салсак, өткөн аптада Саламаттыкты сактоо министрлиги БНИЦТОну кайра түзүп, анын ордуна тез жардам ооруканасы пландалып жатканын жарыялагандан кийин чатак чыккан. Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Алымкадыр Бейшеналиев академик Сабырек Жумабеков оорукананы менчиктештирип, жакындарын жумушка алган, андан тышкары "өз чөнтөгүнө" гана иштеп жатат деп айыптады. Ал эми Жумабеков өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, министр медициналык мекемеге мас абалында келгенин да билдирген.

Бейшеналиев кайра уюштуруу тууралуу буйрукка кол коюп, жаңы директор кылып Гулия Кожокматованы дайындаган. Буга жооп иретинде борбордун кызматкерлери Бейшеналиевди кызматтан алуу, ошондой эле Сабырбек Жумабековду кызматында калтыруу талаптары менен Саламаттыкты сактоо министрлигине митингге чыгышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5491