Жогорку Кеңеште кайрадан кош жарандуулук талкууланды
RU

Жогорку Кеңеште кайрадан кош жарандуулук талкууланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Адахан Мадумаров Жогорку Кеңеш менен РФтин Госдумасы экөөнүн ортосунда биргелешкен комиссия түзүүнү сунуштады. Комиссия кыргызстандык мигранттардын көйгөйлөрүн карамак, деген сунушун депутат бүгүн, 16-февралда парламенттин жыйыны учурунда айтты.

Депутат белгилегендей, учурда Россияда 1,2 миллион кыргызстандык иштейт, алардын чечилбеген көйгөйлөрү көп.

"Жогорку Кеңеш менен Госдуманын биргелешкен комиссиясын түзүү зарыл. Же болбосо, бул жактан комиссия түзүп, чоң шаарларга барып, жаралган маселелер менен жеринде таанышып, кийин аларды чечүү жолун сунушташыбыз керек", - дейт Мадумаров.

Андан тышкары, Мадумаров эгер Россия "мигранттардан алардын жарандыгын кабыл алууну мажбур кылып жатса", анда жогорку деңгээлде кош жарандуулук боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарыл, деп кошумчалады.

Кош жарандуулук маселесин биз көтөрүп чыгышыбыз керек.

Белгилей кетсек, буга чейин депутат Дастан Бекешев Россия тарап макул болсо, кош жарандуулук боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү сунуштаган.

Жусупбай Коргонбай уулу Мадумаровдун сунушун колдоп, депутаттык комиссия зарылдыгын белгиледи. Россиянын үч регионунда: Калужский, Тюменсикй жана Ханты-Мансийский автономдук округдарында губернаторлор токтом кабыл алып, ага ылайык мигранттарга тейлөө тармагында, тамактануу жайларында, мейманкаларда иштөөгө жана таксисит болууга тыюу салышкан.

Алар болгону курулуш тармагында гана иштей алышат. Бир эле токтом менен губернаторлор мигранттарга иштөөгө тыюу салып коюшту. Биргелешкен комиссия иш алып барбаса, биздин ЕАЭБге киргенибиздин бир тыйынчалык пайдасы жок.

Москвада мигранттар орус тилин билгендиги үчүн малымкат алам деп 100 км жол жүрүүгө аргасыз. "Алар бир күн кечке убактысын коротуп ошол справканы алышат, анысы аз келгенсип, полиция алган справкалары жарактуубу же жасалмбы, деп текшерип, алып деле коюшу мүмкүн экен", - деп парламентарий сөзүн жыйынтыктады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5600