Россиянын үч регионунда мигранттарга иштөөгө тыюу салынды
RU

Россиянын үч регионунда мигранттарга иштөөгө тыюу салынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россия Федерациясынын Калужский, Тюменский жана Ханты-Мансийский автономдук округдарынын губернаторлору мигранттарга тейлөө тармагында, тамактануу жайларда, мейманкаларда иштөөгө жана таксинин айдоочусу болууга тыюу салган токтом кабыл алышты.

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги жогоруда аталган чектөөлөр Кыргыз Республикасынын жарандарына тиешеси жок деп билдирди.

ЕАЭБ тууралуу Келишимдин 97-беренсинин 2-пунктуна ылайык "мүчө-мамлекеттер ушул келишимде бекитилген чектөөлөрдөн сырткары, улуттук эмгек рыногун коргоо максатында алардын мыйзамы бекиткен чектөөлөрдү кабыл албайт жана колдонбойт", деп элчиликтин билдирүүсүндө жазылган.

Андан тышкары, Кыргызстандын Россиядагы элчилиги кыргызстандыктарга кайрылып, россиялык жумуш берүүчүлөр аталган үч региондо ишке кабыл алуудан баш тарткан фактылар болсо, аларга кайрылууну сунушташты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5609