Депутат: Мектепке кирип өзүңүз 7 сомдук тамак жедиңиз беле?
RU

Депутат: Мектепке кирип өзүңүз 7 сомдук тамак жедиңиз беле?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 21-февралда, Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинде мектепте окуучулардын тамактануусу тууралуу талкуу жүрдү.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынан депутат Айгүл Айдарова жыйында отургандардын бардыгына кайрылып суроо берди.

"Мектептин ичине кирип, жөн эле өзүңөрдүн кызыкчылыгыңар үчүн 7 сомдук тамакты жеп көрдүңүдөрбү? Ушунчалык бала-бала деп атабыз, мамлекет деп атабыз, калп эле күйүмүш болуп кулакка лапшаны илип атабыз... Чындыкты карайлы, азыр бул жерде бирге отурган депутаттар суроо берип жатышат "Бирөөңүз кирип 7 сомдук тамакты жеп көрдүңөрбү? "Ооба кирдим" же "жок кирген жокмун" деп эле айтып койгулачы, - деп депутат чиновниктерге кайрылды.

Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова "Продукты кымбаттай электе, биз жакшынакай кирип, тендер өткөрүп, жакшынакай поставщиктер келчү. Анан кымбаттай баштаганда дароо минфинге бардык, саламаттык сактоо минисрлигине бардык, бизге райондон телефон чала башташты...", - деп түшүндүрүүгө аракет кылды.

- Надира айым, кечиресиз, сөзүңүздү бөлүп атам. Менин суроомо эле жооп бериңизчи, башка эч нерсенин кереги жок. Кирип жеп көрдүңүзбү? Кымбаттадыбы, арзандадыбы, деп суроо берген жокмун. 7 сомдук тамакты жеп көрдүңөрбү? Так бир суроо бердим, ошого эле жооп бериңиз.

- Мага суроого жооп бергенге мүмкүнчүлүк бериңиз да...

- Жок, жөн эле, балаңызды же небереңизди жетелеп барып, жеп көрдүңүзбү?

- Суроого жооп берүүгө мүмкүнчүлүк бериңизчи деп суранып жатам...

- Айландырбай эле так ушул суроого жооп бериңизчи.

- Тамактары жакшы болчу. Бирок учурда бөлүнгөн каражат жетишсиз. Ошондуктан ысык тамактан баш тартууга туура келди. Азыр окуучуларга компот менен булочка эле берилет", - деди билим берүү министрлигинин өкүлү.

Акыры, комитеттин мүчөлөрү жана Билим берүү министрлигинин жетекчилиги мектеп окуучулардын тамактануусун жана ашканалардын абалын чогу текшермек болушту.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5664