"Президенттин эрке баласы". Карыпбеков Бейшеналиевдин кылыктары тууралуу сын айтты (видео)
RU

"Президенттин эрке баласы". Карыпбеков Бейшеналиевдин кылыктары тууралуу сын айтты (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин акыркы кылык-жоруктары тууралуу Илим Карыпбеков өзүнүн Instagram баракчасында видеокайрылуу жасады.

Ал министрди "Аконит, президенттин эрке баласы" деп атап бул кылыгы өлкөнү уратат деген пикирин билдирген. Анын айтымында жаштарды ата-энеси маданияттуулукка үйрөтө албай жатса, министрдин мындай жоруктарын көргөн балдар ата-энесинин сөзүн укпай, чоң кызматта иштегендер ушундай кыла берсе болот экен деген ойдо аларды туурашат.

"Кой деген кожо жок, өзү каалаганын жасай береби, анда бизге этика деген нерсенин эмне кереги бар, кол чаап азамат деп отура бербегиле",- деген жана башка оюн билдирген.

Толук видеону ссылкага кирип көрсөңүз болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5989