Юрист Нурбек Токтакунов бошотулду
RU

Юрист Нурбек Токтакунов бошотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Беш күнгө камакка алынган юрист Нурбек Токтакунов бошотулду. Бул тууралуу Kaktus.kg редакциясына анын адвокаты Бакыт Автандил уулу билдирди.

Анын айтымында, Токтакунов 25-мартта саат 08:30 кармалган. Бүгүн 30-марттта

эртең менен бошотулду.

"Токтакуновду кесиптештери жана жакын туугандары тосуп алышты. Ал дароо үйүнө жөнөп, андан кийин мончого бара турганын билдирди", - деди Автандил уулу.

Эске салсак, 24-марта, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Убайдулла Сатимкулов Нурбек Токтакуновду камакка алуу чечимин чыгарган. Ал судьяларды кемсинткен жана башка майда бейбаштык жасаган деп айыпталган болчу. Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы төмөнкү инстанциянын чечимин күчүндө калтырып, өзгөртүүлөрдү киргизген жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6179