Алымкадыр Бейшеналиев президент аны эмне деп урушуп жаткынын айтты
RU

Алымкадыр Бейшеналиев президент аны эмне деп урушуп жаткынын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Министр болгонум үчүн президент мени этиканы сакта деп урушат", - деди Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Алымкадыр Бейшеналиев Kaktus.media сайтына.

Министр кызматтан алынса, "көп кары-картаңдар жол тосууга ниеттенип жатышат" деди.

"Ушул жумада министрлер кабинети менин ишимди карашат, бирок мен өз ордумда калам деп ойлойм. Өкмөт жана бүткүл коомчулук менин "лопух" деп айтканымды, этикага баш ийбейт деп сындап жатат. Мен эч кандай жыйынтык болбосо этиканын эмне кереги бар деп жооп бердим. Мени жумуштан алышса бир топ чоң ата, чоң апалар жолдун ортосуна жатып алып, эч кимди өткөрбөйбүз деп жатышат. Мен үчүн Кыргызстандын бардык жолдору жабылат", - деп билдирди Бейшеналиев.

Мындан тышкары Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы президент аны кандай сындап жатканын айтып берди. "Президент мени урушуп, этиканы сактоону суранды. Мага окшогон министри бар экенине жини келип жатат", - деп жыйынтыктады ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6350