"Мени эчак эле алып салмак". Бейшеналиев президент менен жакшы мамиледе экенин билдирди
RU

"Мени эчак эле алып салмак". Бейшеналиев президент менен жакшы мамиледе экенин билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 13-апрелде Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Алымкадыр Бейшеналиев Kaktus.media сайтына берген маегинде президент ага ачууланып, урушуп, этиканы сактоону суранганын билдирген.

Ал эми бүгүн, 14-апрелде кайра ал сөздөрүн четке какты. "Мага президент ачууланган эмес, кечээ көрсө, туура эмес жазышыптыр. Мен антип айткан жокмун... Биз абдан жакшы мамиледебиз. Эгер ачууланса экөөбүздүн мамилебиз жакшы болмок эмес. Мени эчак эле алып салмак", - деди Саламаттыкты сактоо министри.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6359