Күзгө чейин Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө тыюу салынды
RU

Күзгө чейин Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө тыюу салынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин борборунда 1-сентябрга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Биринчи Май райондук мэриясы массалык баш аламандыктарды болтурбоо жана бөгөт коюу максатында убактылуу тынчтык митингин өткөрүүгө чектөө киргизүү боюнча арызы менен райондук сотко кайрылган.

Биринчи Май райондук соту борбор калаадагы имараттардын жанында митингдерди өткөрбөө боюнча акимчиликтин чечимин күчүндө калтырды. Тагыраагы Россиянын элчилиги, Ала-Тоо аянты, президенттик администрация, Жогорку Кеңеш жана УКМКнын жанында. Мурдагыдай эле Рыскулов жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде өткөрүүгө уруксат берилди.

Эске салсак, буга чейин 12-апрелге чейин митинг өткөрүүгө тыюу салынган эле. Эми дагы узартылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6362