Наталья Никитенко: бийликти элдин пикири кызыктырбайт. Бир кишинин эле ою маанилүү
RU

Наталья Никитенко: бийликти элдин пикири кызыктырбайт. Бир кишинин эле ою маанилүү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Парламенттин экс-депутаты Наталья Никитенко бийликтин акыркы аракеттерине комментарий берип, президент бардыгынан жөнөкөй болуунун суранганы менен өзүнө хансарай салдырып жатканына таң калганын билдирди.

"Бийликти каптаган курулуш котуру улам күчөп барат. Көрсө, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө тоскоол болуп жаткан эң негизги көйгөй - бул хан сарайдын эскилиги жеткени экен. Жакырчылыктын, коррупциянын жана профессионалдуулуктун жоктугунун башаты мына ушул жерде экен да.

Бир мульфильмдеги почточу эсиңердеби? "Мен мурда эмнеге мындай ачуулу элем - себеби велосипедим жок болчу!", - дегендей эле болуп жатат.

Ал үчүн Ботаникалык бакчаны мэрияга берип салабыз (мындайча айтканда курулуш магнаттардын колуна өзүбүз эле салып беребиз), саналуу жашыл аймактарды талкалайбыз, керек болсо жаңы хан сарай салып алабыз, анын ордуна борбор калаадагы алтынга тете 16 га жерди берип салабыз. Сыңары, биздин бийлик эсептегенди такыр билбейт: курула турган хан сарай, бериле турган жердин 10% наркына эле тете турат.

Дегеле, белгилей кетишибиз керек, биздин бийлик акыркы бир нече жумадан бери бизге ар түрдүү сигналдарды жөнөтүп жатат.

Бир четинен президентибизге жаңы, укмуш кооз имарат салдыртабыз. Ошол эле маалда, өтө начар иштелип, элге жарыяланган пенсиялык реформа абышка-кемпирдин, аскер кызматкерлеринин жана энелердин акыркы нанын тартып алууга барып жатса, бул өлкөнүн акчасы жок экенин айтып турат. Бийлик элден белди бекем бууп, жөнөкөйүрөөк жашап, кагазды үнөмдөөгө чакырып, накталай долларды өлкөдөн чыгарып кетүүгө тыюу салып, донорлордон кредит сурайт.

Азыркы бийлик, ашыкча чыгашалар менен күрөшүп жатты беле? Акча тартыш болсо, бодо мал сойбогула, ашыкча чачылып той-аш өткөрбөгүлө, деген буйрук чыкты беле? Ошондо бул эмне? Коңшулардын хан сарайлары бар, алардын жанында мен уялып жатам. "Эл эмне дейт?" дегендикпи?

Жоопкерчиликтүү бийлик тамтыгы чыккан жолдорго, эскилиги жеткен мектептерге, четинен урап жаткан ооруканаларга уялмак. Доктур менен мугалимдердин жакырдыгына уялмак.

Кечээ, Kloop'тун борбор шаардагы жолдордун реконструкциясы жөнүндө репортажын көрдүм. Бир кыз - жергиликтүү үйлөрдүн тургуну, мындай дейт: "Эмнеге биз суранган жерди эмес, кереги жок жерди оңдоп жатасыңар?" Буга улай: эмнеге элге керек нерсе эмес, эч кимге кереги жок нерсени салып жатасыңар? - дегим келди.

Себеби, бийликти элдин пикири кызыктырбайт. БИР эле адамдын оюу кызык. Мына бул президенттик, түпкүлүгүнөн алып караганда хандык бийликтин натыйжасы", - деп экс-депутат Facebook'тагы баракчасына жазган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6412