Жашы жете элек кызды зордукташып, кафенин алдына таштап кетишкен
RU

Жашы жете элек кызды зордукташып, кафенин алдына таштап кетишкен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Ноокат районунда жашы жете элек кыз зордукталды. Маалыматты Kaktus.media сайтына облустук ички иштер башкармалыгы тастыктады.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Ал эми укук коргоо кызматкерлери жашы жете электерге байланыштуу ар кандай маалыматты коомчулукка жарыялоого тыюу салган Балдар кодексине таянып, кеңири маалымат бере алышпайт.

Буга чейин маалымат каражаттары 16 жаштагы кызды зордукташып, түн ичинде "Кызгалдак" кафесинин жанына таштап кетишкенин кабарлашкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7262