"Элдин канын соргон". 20-30 жылдап иштеген директорлор ротацияланат
RU

"Элдин канын соргон". 20-30 жылдап иштеген директорлор ротацияланат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Билим берүү менен саламаттыкты сактоо тармагы мындан ары айла жок реформаларга дуушар болушат. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров журналисттер менен жолугушууда айтты.

Ал белгилегендей, эми билим берүү тармагындагы жетекчилер аттестациядан өтүшөт.

"Аттестацияга ылайык, иноовациялык көз караштагы директорлорду ишке алабыз. Өнүккөн өлкөлөрдө 5-6 мектепке бир эле адам директор болуп жүрөт. Кыйынбы ошондой болуп иштешсин. Биз ошондой механизмдерди киргизүүнү карап жатабыз", - деди Жапаров.

Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев айрым мектеп директорлору 20-30 жылдап элдин канын соргонун айтып чыккан. Түлөбевдин мындай билдирүү калтыруусуна 50дөн ашык мектеп мүдүрлөрүнүн депутатты жоопкерчиликке тартуу боюнча арызы себеп болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7407