Имам: Менин айткандарым намыстууларга майдай эле жакты
RU

Имам: Менин айткандарым намыстууларга майдай эле жакты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дин кызматкери Садыбакас Дооловдун "аялдын эти арзандап, базардагы койдун эти кымбаттады" деген сөзү интернет айдыңына тарап, көпчүлүктүн нааразычылыгын жаратты. Дарегине карата айтылып жаткан сын-пикирлерден кийин имам SUPER.KG порталына түшүндүрмө берди.

Айтымында, анын айткандарын дин душмандары атайын кесип алып тараткан.

"Китепкананын ичинде ич кийимин башына кийип алып "мен төрөбөйм, керек болсо тиги кызга турмушка чыгам" деген кыздар чыгып барыбыздын эсибизди оодарганда эч ким мынчалык намыстанган эмес. Аялдар ошондо эле тепселенип калган. Ошондо намыстанып чыгышса болмок бүгүнкү сөзгө терикпей. Сүйлөгөн сөзүмдү кесип алышып бурмалап жатышат. Алар дин душмандары", - дейт.

Имам намысы бар эркектер менен аялдарга анын сөзү майдай жагып жатканын кошумчалады.

"Менин айткандарым намысы жокторго катуу тийип жатат. Намыстууларга майдай эле жакты. Айткандарымды танбайм, айттым. Бул аалымдардын илгертен эле айтып келген сөзү".

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7424