Муфтият имамдын атйкандарын кадыр-баркка шек келтирген жок деп тапты
RU

Муфтият имамдын атйкандарын кадыр-баркка шек келтирген жок деп тапты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Аялдын эти арзандап, базардагы койдун эти кымбаттады" деген сөзү үчүн сынга кабылган имам Садыбакас Дооловдун айткандары кадыр-баркка шек келтирбейт. Мындай билдирүүнү Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы териштирүү жүргүзгөндөн кийин таратты.

Мекемеден дин кызматкери шариятты бузбагандыгы, саясатка аралашпагандыгы жана жеке бир адамдын аброюна жана кадыр-баркына шек келтирбегендиги аныкталганын кабарлашты.

"Муфтият Садыбакас Дооловдун видеосун 3 критерий менен карап чыкты. Учурда имам менен баарлашуу иштери жүргүзүлүп, элге айта турган сөздүн мааниси толук жетпей калгандыгы айтылды", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, 6-июлда Бишкектин Свердлов районунун имамы Садыбакас Дооловдун видеосу тараган. Анда имамдын ачык кийинген кыз-келиндер тууралуу кеп кылганы кызуу талкуу жараткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7438