Казакстанда каржы пирамидасын жарнамалагандар жазага тартылат. Мыйзамга кол коюлду
RU

Казакстанда каржы пирамидасын жарнамалагандар жазага тартылат. Мыйзамга кол коюлду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Коңшу Казакстанда каржы пирамидасын жарнамалагандарды жазага тартуу боюнча мыйзам кабыл алынды. Казак басылмалары президент Касым-Жомарт Токаев "Казакстан Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине финансылык (инвестициялык) пирамидалардын ишмердүүлүгүнө каршы аракеттенүү боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жарлыкка кол койду деп жазышат.

Мыйзам каржылык жана инвестициялык пирамидаларды жарнамалоо үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартууну карайт.

Буга чейин Мажилистин пленардык жыйынында депутат каржы пирамидалары республикада абдан актуалдуу маселеге айланганын айткан. Ал көптөгөн шоу-бизнес өкүлдөрү жана белгилүү блоггерлер казакстандыктарды каржылык жана инвестициялык пирамидаларга массалык түрдө тартууда деген.

Эске салсак, казакстандык белгилүү вайнерлер Мейиржан Туребаев менен Мейирхан Шерниязов апрель айында камакка алынган. Алар Mudarabah Capital каржы пирамидасын уюштурган деп шектелүүдө.

Акыркы убакта Кыргызстанда да каржы пирамидаларына карата кылмыш иштери козголууда. Укук коргоо органдары жарандарды кыраакы болуп, акча каражатын шектүү уюмдарга ишенбөөгө жана киреше булагын тактабай туруп чоң киреше убадаларына ишенбөөгө чакырат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7500